Бүгүн, 21-февралда "Дордой" футболдук командасы Ош шаарында Тажикстандын "Хосилот" командасы менен беттешет. Бул тууралуу Футбол федерациясы билдирет.
Маалыматка ылайык, "Дордой" - "Хосилот" беттеши Ош шаарындагы А.Сүйүнбаев атындагы стадиондо 15:00дө (Бишкек сааты менен) башталат.
Белгилей кетсек, эки команда тең АФК Кубогунун 1-тандалма турунда жеңүүчү аталышкан. “Дордой” түркмөнстандык “Балканды” жеңсе, “Хосилот” Афганистандын “Шахин Асмаи” клубун уткан. Аталган беттештин жеңүүчүсү тайпалык этапка жолдомо алат. Жооптук беттеш 28-февралда Тажикистанда өтөт.
“Дордой” (Кыргыз өлкөсү) – “Хосилот” (Тажикстан)
Стадион: Ош шаары, А.Сүйүнбаев атындагы стадион
Калыс: Ванг Ди (Кытай)
Башталышы: 15:00 (Бишкек сааты боюнча)