Транспорт жана жол министрлиги Ош-Бишкек жолундагы азыркы абалды кабарлады

Бишкек-Ош трассасында унаа тыгыны жаралып, азыркы учурда жөнгө салынууда. Бул тууралуу 21-февралда Транспорт жана жол министрлиги билдирүү таратып, унаа тыгыны эмне үчүн жаралганына түшүндүрмө берди. 20-февралда трассанын 223-224-чакырымдарында кар көчкүнү атайын атып түшүрүү иштери жүрүп, жол убактылуу жабылган. 21-февралда саат 01:30да трасса ачылып, бирок токтоп турган автоунаалардын айдоочулары эрежелерди сактабагандыктан 4 чакырымга созулган унаа тыгыны жаралды. Артта турган унаалар кезек келгенде жылбастан, каршы тилкеге чыгып алгандыктан каршылаш келе жаткан унааларга жол тосулуп калганы айтылат маалыматта. Азыркы учурда Патрулдук милициянын өкүлдөрү кырдаалды көзөмөлдөп жатышат. Жол ачык.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан