Бишкекте 3 кабаттуу үй өрттөнүп, 1 аял каза болду

Кечээ, 20-февралда саат 18:00дөрдө Бишкек шаарынын Чүй кең көчөсүндөгү №65-3 кабаттуу көп батирлүү турак үйдүн жыгач устундуу шифер жабылган чатыры күйгөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

"13-батирде 20 чарчы метр бөлмөдө үй тамактары, кийилген кийимдер, толтурулган таштанды күйгөн, 3-кабатында 29-батирде 5 чарчы метр терезеси күйгөн. Өрт болгон жерде үй ээси 1954-жылкы аялдын жансыз денеси табылган. Өрт өчүрүүчүлөр тарабынан көп кабаттуу үйдөн 9 адам куткарылган", - деп айтылат маалыматта.

Өрттүн чыккан себеби такталууда.

Бишкекте үй өрттөнүп, бир аял каза болду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Elzira.91
2017-02-21 10:28:21
Жаткан жери жайлуу болсун.
0
baltabai
2017-02-21 11:31:22
Kudai sakyasyn
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан