Ат-Башы районунда кой кайтарып жүргөн 17 жаштагы баланы кар көчкү басып, каза болду

Ат-Башы районунда Кара-Коюң айыл аймагына караштуу Таттыбек кыштоосунда 1999-жылкы бала кой кайтарып жүргөндө кар көчкү басып калган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бүгүн, 21-февралда билдирди. Маалыматка ылайык, куткаруучулар "101" кызматына түшкөн билдирүү боюнча саат 21:00дө окуя болгон жерге чыгып, 23:00дөрдө жетишкен.

"Издөө иштерине 10 куткаруучу, РИИБден 5 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 75 адам, 1 экскаватор тартылган. Натыйжада 21-февраль күнү саат 01:30 чамасында баланын жансыз денеси табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Elzira.91
2017-02-21 10:32:21
Эх кырчындай жаш омур бул жашоо менен кош айтышты,коргонунон коро элеги коп болчу,жаткан жери жайлуу болсун,топурагы торко болсун.
+6
Bubu88
2017-02-21 13:13:48
Атаны байкуштар ай коктойунон малдын артынан өлүп калып атышат малдары баштарында калсын
-3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан