Казарман-Акталчат унаа жолуна түшкөн кар көчкү тазаланууда

Казарман-Акталчат унаа жолуна түшкөн кар көчкү тазаланууда. Бул тууралуу бүгүн, 21-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 20-февраль күнү саат 08:30 чамасында Казарман-Акталчат унаа жолунун 76-чакырымына болжол менен 12 миң метр куб кар көчкү түшүп, унаа жол убактылуу жабылган. Адам өмүрүнө зыян келген эмес.

Ошол эле күнү Тогуз-Торо районунун акиминин № 21-буйругунун негизинде 20-февралдан 22-февралга чейин убактылуу жабылган. Унаа жолду тазалоо иштери улантылууда. Учурда райондук №18 жол тейлөө ишканасынын 1 бульдозер, 1 жүктөгүчү иштеп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан