Өтмөк ашуусуна түшкөн кар көчкү толук тазаланып, унаалар үчүн ачылды

Өтмөк ашуусуна түшкөн кар көчкү толук тазаланып, унаалар үчүн ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 21-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 20-февраль күнү саат 02:00 чамасында Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун Өтмөк ашуусунда болжол менен 40 миң метр куб кар көчкү түшүп, жол каттамы убактылуу жабылган. Адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес.

Жолду тазалоо иштерине №36 жол тейлөө ишканасынан 1 жүктөгүч, 1 грейдер, 1 унимог жана 2 Камаз тартылып, саат 14:00дө толук ачылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан