Бүгүн, 21-февралда Европанын эң ири футболдук лигасы - Чемпиондор Лигасынын жарым чейрек финалдык оюндары уланат. Анда англиялык “Манчестер Сити” өз үйүндө “Монакону” кабыл алат. Ал эми Германиянын “Байер” командасы мадриддик “Атлетикону” Леверкузен шаарында тосуп алат.
Бул командалардын ортосундагы жооптук оюндар 15-мартка белгиленген.
"Манчестер Сити" (Англия) - "Монако" (Монако)
Стадион: Манчестер шаары, "Этихад" стадиону
Калыс: Херальд Лехнер (Австрия)
Башталышы: 01:45 (Бишкек сааты боюнча).
“Байер” (Германия) – “Атлетико” (Испания)
Стадион: Леверкузен шаары, "БайАрена" стадиону
Калыс: Уильям Коллам (Шотландия)
Башталышы: 01:45 (Бишкек сааты боюнча).