И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы үчүн клиника куруу пландалууда. Бул тууралуу бүгүн, 21-февралда Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалымат боюнча, учурда бейтапкананы куруу үчүн жер бөлүп берүү маселеси каралып жатат. Ошондой эле техникалык-экономикалык негиздемеси иштелүүдө.
"Жогорку окуу жай чындыгында өзүнүн бейтапканасына муктаж болууда. Болочокто сапаттуу дарыгерлерди ооруканаларда, бейтапканаларда жана башка саламаттыкты сактоо мекемелеринде дайындоо керек", - деп жазылат маалыматта.