2016-жылы мамлекеттик сатып алуулардан үнөмдөө 2015-жылга салыштырмалуу 3,5 миллиард сомго көбөйгөн

Мамлекеттик сатып алуулар веб-порталынын алдын ала маалыматына ылайык, 2016-жылы сатып алуучу уюмдардын сатып алууларынын планынын жалпы суммасы 52 миллиард 651,6 миллион сомду түзгөн жана 2015-жылга салыштырмалуу 458 миллион сомго көбөйгөн. Бул тууралуу бүгүн, 21-февралда маалымат жыйынында Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин башчысы Улан Даникеев билдирди.

Анын айтымында, иш жүзүндө сатып алуучу уюмдар 43 миллиард 520 миллион сомго 44 070 конкурс өткөрүшкөн. Ал эми сатып алууларды өткөрүүдөн үнөмдөлгөн мамлекеттик каражаттардын суммасы 9 миллиард 131 миллион 195 миң сомду түзгөн.

"2015-жылга салыштырмалуу 2016-жылы мамлекеттик сатып алуучу уюмдар өткөргөн конкурстардын саны 33 850гө көбөйгөн, ал эми иш жүзүндөгү сатып алуулардын жалпы суммасы 3 миллиард 111 миллион сомго кыскарган, мамлекеттик сатып алуулардан үнөмдөө 3 миллиард 569 миллион сомго көбөйгөн", - деди Даникеев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан