2016-жылы мамлекеттик сатып алууларга жергиликтүү бюджеттерден 7,5 миллиард сом кеткен

2016-жылы жергиликтүү бюджеттерден каржыланган мамлекеттик мекемелер тарабынан 7 миллиард 464 миллион 192 миң сомго 13123 конкурс өткөрүлгөн. Анын ичинен 1 миллиард 104 миллион 202 миң сомго 6479 конкурс келишимди тикелей түзүү усулу аркылуу өткөрүлгөн. Бул тууралуу бүгүн, 21-февралда маалымат жыйынында Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин башчысы Улан Даникеев билдирди.

Анын айтымында, 2016-жылы жергиликтүү бюджеттерден каржыланган мамлекеттик мекемелердин сатып алуу планы 9 миллиард 301 миллион сомго түзүлүп, мамлекеттик сатып алуудан үнөмдөө 1 миллиард 837 миллион сомду түзгөн.

"2016-жылы жергиликтүү бюджеттерден каржыланган мамлекеттик мекемелер 3 миллиард 160,7 миллион сомго товарларды, 458 миллион 588 миң сомго кызматтарды, 3 миллиард 845 миллион сомго жумуштарды жана 200 миң сомго консультациялык кызматтарды сатып алышкан", - деди Даникеев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан