Окуучулар чек ара кызматындагы аскердик жашоо менен таанышышты

21-февралда чек ара кызматынын Чүй облусу боюнча башкармалыгында Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата ачык эшиктер күнү өткөрүлдү. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Ага катышкан окуучулар, атуу куралдары, техникалар жана байланыш куралдары менен таанышып чыгышты. Мындан сырткары аскердик кызматты өтөп жаткандарга кызыктырган суроолорун бере алышты. Катышуучулар атуучу куралдарды өз колу менен кармап көрүп түзүлүшү тууралуу маалымат ала алышты. “Эрдик сабагы” программасынын алкагында балдар чек араны кайтаруудагы өзгөчөлүктөр жөнүндө маалымат алышты.

Аскердик бөлүктүн командиринин орун басары Жанарбек Өмүрзаков: “Атуучу курал бардык эле балада кызыгууну жаратат деп ишенем. Мекенин коргоо ар бирибиздин милдетибиз. Силер аскер турушун көрүп, сезе билишиңер үчүн ушундай иш-чараны өткөрүп жатабыз. Араңарда Кыргыз жерин коргой турган аскер кызматкерлери бар экенине ишенем”, - деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан