Бүгүн, 21-февралда Ош шаарындагы А.Сүйүнбаев атындагы стадиондо "Дордой" АФК Кубогунун тандап алуу оюндарынын алкагында “Хосилот” командасы менен кез келип, 1:0 эсебинде утуп алды. Оюндун биринчи таймында коноктордун коргоочусу Садих Муса эки сары айып кагаз алып, оюндан четтеген. Оюндун экинчи бөлүгүндө “Дордой” чабуулчусу Алишер Азизов жалгыз голдун автору аталды.
Жооптук беттеш 28-февралда Тажикстанда өтөт. Бул оюндун жеңүүчүсү АФК Кубогунун тайпалык этабына жолдомо алат.