Эл аралык эне тил күнүнө карата өткөн концертте украин тилинде "Манас" эпосунан үзүндү айтылды

Борбор калаадагы "Диалог" маданият үйүндө эл аралык эне тил күнү белгиленди. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы 21-февралда билдирди.

Кыргыз Республикасындагы улуттар ассамблеясынын катышуусунда концерттик программа тартууланды. Анда кыргыз, орус, украин, татар тилинде ырлар жаңырды. Биринчи жолу украин тилинде "Манас" эпосунан үзүндү айтылды. Ошондой эле көрүүчүлөр кавказ бийин көрө алышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
bolotbeck1983
2017-02-21 23:32:43
Улуттар аралык маданий иш-чаралардын отуп турушу эн жакшы кабар. Деги эле бардык элде тынчтык жана достук болсун!
0
bolotbeck1983
2017-02-22 01:07:26
Украин тилинде айткан Манастын узундусун кайсы жерден корууго болот? Мумкун болсо шилтемесин берип койсонор админ.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан