“Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасы Манас кең көчөсүнө темир тосмолорду орнотуу жана анын эки тарабындагы ирригация тутумун оңдоо иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаарык мэриясы бүгүн, 21-февралда кабарлады.
Учурда ишкананын кызматкерлери тарабынан 90 темир бетондук тосмо орнотулуп жатат. Тосмолор айдоочулардын коопсуздугу үчүн жана жол-транспорттук кырсыктарды азайтуу максатында орнотулууда. Ошондой эле жазгы сугат мезгилине даярдыктарды көрүү максатында Жибек жолу кең көчөсүнөн мамлекеттик резиденцияга чейин ирригациялык арыктарды орнотушууда.
"Урматтуу шаар тургундары! Урматтуу айдоочулар! Бишкек шаарынын мэриясы өткөрүлүп жаткан оңдоо иштерине түшүнүү менен кароого чакырат", - деп айтылат мэриянын билдирүүсүндө.