Бүгүн, 21-февралда "Туңгуч" театрында драматург Султан Раевдин "Илегилек" спектакли тар чөйрөдө көрсөтүлдү. Анда башкы каармандардын образын Кыргыз Республикасынын Эл артисти Жамал Сейдакматова жана жаш актёр-актриса Имаш Ажыкул жана Тазима Уметалиева жаратышкан. Спектаклдин автору Султан Раевдин айтымында, чыгарма аркылуу улуу муун менен жаштардын ортосундагы келишпестик, түшүнбөстүктөр, учурдун көйгөйлөрү чагылдырылат.
"Чыгармада улуулар менен жаштардын көз карашынын, түшүнүктөрүнүн кагылышы, муундардын ортосундагы дөөлөттөрдүн кагылышы, коомдогу көйгөйлөр көрсөтүлөт. Спектаклди ар бир адам көрүшү зарыл. Көрүүчү аны көргөн соң жоопсуз калтырылган суроолорго өзү жооп таап, бир жыйынтыкка келет", - дейт драматург.
Ал эми Жамал Сейдакматова: "Кыргыз кыздары бактысын чет өлкөдөн эмес, Кыргыз жеринен табышы керек. Спектаклде башкы каарман кыздын жанында бийлеп жүргөн жигит аркылуу бактыңар алыста эмес, ал жаныңарда деген ойду айталы дегенбиз", - дейт.
23-февралда "Туңгуч" театрында "Илегилек" спектаклинин расмий премьерасы өтүп, калың элге көрсөтүлө баштайт.