ЭЛДИК КАБАР: Чоң-Алайдагы Жаш-Тилек айылындагы уюлдук оператордун антеннасын кар көчкү басып, байланыш начар

Чоң-Алай районунун Жаш-Тилек айылында "Билайн" уюлдук операторунун кошумча антеннасын кар көчкү басып калып, байланыш начар болууда. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу кабарлады.

"Кар көчкү болгондон бери мобилдик байланыш начарлады. Компания качан келип оңдоо иштерин жүргүзөт?" - деген суроо салды окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Abdyrashit.Satylganov
2017-02-22 09:58:32
Жаман болуптур..эртерээк байланышты оңдоп беришсин оомин..Эң негизиси интернетти иштетип ватсаптан super.kg ге жеткерип койгонуң чоң жанылык
0
bond02
2017-02-22 10:36:35
Негизи антенна эн бийик жерге коюлчу эле го чокуга.
0
baltabai
2017-02-22 12:47:17
Tooogo koiush kerek ystansiяны
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан