Таластын Манас районунун тургуну Бакыт Мыксыбаев бир жылдан бери Бишкектеги Интергельпо жана Москва көчөсүнүн кесилишинде люкта жашайт. Анын айтымында, ал жубайы менен ажырашып кеткен, 3 баланын атасы.
"Бир жылдан ашуун убакыттан бери люкта жашайм. Түнкүсүн жер алдынан өткөн жылуулук түтүктөрүн кучактап жатып уктайм. Бул жер аябай жылуу. Суу болгон кийимдеримди кургатып алам. Көп жылдардан бери желим бөтөлкө чогултуп, сатып, тиричилигимди кылып келем. Чогулткан бөтөлкөлөрдүн 1 килограммын 7 сомдон атайын кабыл алуучу жайларга сатам. Бирок аны менен ижарага үй алып жашамак турсун, жылуу кийим сатып ала албайм, жеп-ичкенге гана жумшайм. Акыркы убактарда желим бөтөлкө жок, акча таба албай суу ичип жашап калдым", - деди Мыксыбаев.
Бакыт Мыксыбаевдин бир кызы турмушка чыгып, эки баласы өз алдынча турмуш куруп кетишкен. Ага тиешелүү эч кандай документтери жок экенин билдирди.
"Турмуштук келишпестиктен улам келинчегим менен ажырашып кеткем. Кийин балдарым карабай кетти. Акыркы жолу балдарымды 2 жыл мурда көргөм. Алар балалуу болуп калышыптыр. Мен буга чейин электр тармагын окугам. Документтерим жок жумушка орношо албай жүрөм. Учурда 53 жашка толдум. Жумушка жарамдуу курактан да өтүп калдым. Мындан ары кантип жашайм билбейм. Колунда бар адамдардан жардам сурайм, мен бардык жумушту жасай алам", - деп, коомчулукка жардам сурап кайрылды Мыксыбаев.
Люктан жарым жылаңач чыккан адамды көргөндөрдүн айрымдары күлүп өтсө, башкалары таң калуу менен карашат. Мыксыбаев менен сүйлөшүп жатканда, "Ленин райондук социалдык фонддун кызматкеримин" деген жигит "люктагы түтүктөрдү тешип салбагын, бизге жылуулук жетпей калат" деп айта кетти.