Бишкектин борбордук бөлүгүндө мыйзамсыз коюлган жарнама такталар алынды

Бишкек шаарынын Свердлов районундагы тротуарларда мыйзамсыз орнотулган жарнама такталар алынды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Жалпысынан бир нече саат ичинде уруксат кагазы жок 50дөй такта алынган.

"Айрым жеке ишкерлер агрессиялык түрдө алардын жарнама такталарын ордуна калтырууну талап кылып жатышты. Мындай иш-чара Абдрахманов, Москва, Сүйүнбаев, Курманжан датка, Ибраимов, Шопоков жана Чүй кең көчөсүндө жүргүзүлдү. Буга чейин Дизайн жана жарнамалык жасалгалоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан уруксатсыз коюлган такталардын ээлерине билдирмелер берилсе да, алар тоготушкан эмес", - деп жазылат мэриянын маалыматында.

Маалыматка ылайык, шаарды көркүнө келтирүү иш-чарасы дагы да уланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан