Чаткал районуна гуманитардык жардам жеткирилди

Чаткал районуна гуманитардык жардам жеткирилди. Бул тууралуу бүгүн, 22-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 21-февраль күнү саат 22:45те Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолу бир тараптуу ачылып, ӨКМдан бөлүнгөн гуманитардык жардам жана 120 даана шифер 22-февраль күнү саат 02:00 чамасында Каныш-Кыя айылына жеткирилди. Бүгүн гуманитардык жардам жергиликтүү бийлике өткөрүлүп берилет. Ал эми шиферлер калың кардан улам чатыры сынып кеткен 1 турак үйдүн ээсине берилет.

Эскерте кетсек, Чаткал районуна караштуу Ак-Таш айылында 3 күн тынбай жааган кардан улам, тургундар ачка калганын "Элдик кабар" рубрикасына билдиришкен. Ал эми Чаткал районун акими Канжарбек Эшалиев эл ачка калбаганын, абал көзөмөлдөнүп жатканын айткан. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан гуманитардык жардам жөнөтүлгөн болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан