Чоң-Алай. 300 миң сомго алган мал-жандыгы көчкү алдында калган тургун насыясын төлөй албай калганын айтууда

19-февралда Чоң-Алай районундагы Жаш-Тилек айылына кар көчкү түшүп, 2 үйдү басып калган. Бир үй-бүлөдөн эки кичинекей бала каза болсо, 10 адам жаракат алган. Үйү, мал-жандыгы кар алдында калган Абдысаттар Койлубаев банктан насыя алып, бүгүнкү күндө 300 миң сом карызы бар экенин SUPER.KG порталына билдирди.

"Кар көчкү түшүп кырсык болгондо мен үйдө эмес болчумун. Жубайым 19-февраль күнү таңга маал 05:00дөр чамасында жер титиреп жаткансып күүлдөгөн үн чыкканын айтты. Дароо үйдөгү балдарым менен неберелеримди ойготуп сыртка чыкканча кар басып калыптыр. Окуяны угар замат мен шаардан жетип келдим. Келсем, биздин үй менен кошунанын үйү талкаланып калыптыр. Балдарым жаткан үйдүн дубалы соо калып, жанындагы бөлмөнүн дубалдары кулаптыр. Мындан улам үйдөгүлөр аман калышты", - деп билдирди Койлубаев.

Маалыматка ылайык, Койлубаевдердин 10 бодо малы, 30 кою кар алдында калып өлгөн. Учурда өлгөн малдары кар алдынан чыгарыла элек. Мал сарайы толук кардан тазаланбай жатат.

"Башыбызга оор иш түшкөндө айылдаштар, жергиликтүү бийлик, өкмөт ошондой эле ӨКМнын кызматкерлери жардамга келди. Айылдаштар күнүмдүк тамак-аш, отун-суудан кол кабыш кылып жатышат. Убактылуу жашаганга контейнер беришкен. Бирок биздеги аба-ырайынын катаал шартында неберелерим менен жашаганга мүмкүн эмес. Мындан улам 3 неберем кошунамдыкында жашап жатат. Алар катуу коркуп калышкан. Абалдары туруктуу болгондуктан, ооруканадан чыгып келишти. Ал эми Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү 50 миң сомдон жардам берет экен деп уктук. Бирок азырынча ал акча колго тие элек", - деп кошумчалады Койлубаев.

Кырсыкка кабылган үй-бүлөлөргө кандай жардам берилип жатканын билүү үчүн район акимине байланыштык.

"Биз бул үй-бүлөлөрдү кароосуз калтырбайбыз. Учурда 20 тонна көмүрдү кырсыкка кабылган 3 үй-бүлөгө бөлүп берүүнү пландап жатабыз. Мындан сырткары аларга башка аймактан жер берип, турак жай салып берүүнү көздөөдөбүз. Ал үчүн атайын эсеп ачып жардам берчүлөрдүн каражатын чогултуп баштадык. Ал эми неберелери үчүн бала бакчага төлөнүүчү каражат меселесин чечип беребиз", - деп билдирди Чоң-Алай районунун акими Жумадилла Жапаров.

Абдысаттар Койлубаев келечек жашоо кандай болорун ойлоп түшүнө албай жатканын айтты. Анткени анын банктардан алган 320 миң сомдук насыясы бар. Февраль айында банктардын бирине 9 миң сом төлөмөк. "Буга чейин насыя алып, ага мал алып сатып тиричилик өткөрчүбүз. Малдан көргөн пайданы чогултуп ай сайын 19 миң сомдон төлөп келчү элем. Эми кантип төлөрүмдү билбей турам. Жубайым 2500 сом пенсия алат. Балам менен келиним биз менен чогуу турушат, айылда жумуш жок, иштешпейт. Неберелериме январь айында тапшырган жөлөк пул азырынча келе элек. Өзүм жакында пенсияга чыгууга документ тапшырдым. Эми өкмөт бала бакчадагы төлөм маселесин 1-2 айга жеңилдик кылып турса жакшы болмок", - дейт жабырлануучу Койлубаев.

Эске салсак, Чоң-Алай районунун Жаш-Тилек айылында кар көчкү түшүп, 2 турак үйдү басып калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Mekush87
2017-02-22 13:27:05
Буларга ишенуу ото кыйын.Азыр адамдар эптеп эле мамлекетти пайдаланып калыш керек да.
-10
kamchatka
2017-02-22 16:57:17
Mekush87,Сенин башынада ошондой мушкул иш тушсо корот элем таба тообо кыл !
+2
Asman...
2017-02-23 09:50:13
Mekush87,Аллахым сенин башыңа ушул күндү салбасын. Тообо кыл.
0
Adil706070
2017-02-22 13:34:51
1)Кудай сактаптыр .башкысы аман калганынар.
2)Кредит алганынар суткорлук арам акча.андыктан адал эмгек кылганга аракет кылганда балким Аллах да берекесин кобойтуп бермек.
3)Эми ошол кочку алдында калган тонгон малдын этин колбасныйга откоруп жиберип элди арам эт менен жайлабасанар болду.
-8
Aylin.91kg
2017-02-22 14:07:33
Туугандар карап коргуло оюнардын жамандыгын!!! Бул жерде 2 жащ бала олуп жатат, анан да уйсуз калды кыштын кунундо,Чоналайдын суугун билбейт окшойсун! Кредит бир эле булар эмес, караппйым калктын баарында бар керек болсо ар бир уйдо бар, элдин акчасын жегендерден башкасында, окмот элди ойлосо ушуга чейин онолуп калмакпыз,кредит албаса тоолуу аймакта кантип тиричилик кылат??? Окмот беркм деген 50 мин сомун да берилелек дептир. Баарыбызга Аллахым ыйман, таза журок берсин!!!! Ниетибизди тузойлу.
+4
kilim
2017-02-23 09:31:05
Кырсык каш кабактын ортосунда демекчи Аллах озу сактасын ал еми кредит азыр элдин80 пайызында бар десек жанылбайбыз ал эми эл окмотту жебей эле ушудай кырдалды окмот пайдаланып атпайбы элге таш атпагыла тууганлар
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан