ЖЫЛНААМА, 22-ФЕВРАЛЬ: Орусиялык белгилүү актриса Ольга Будина 42 жашка толду

Орусиялык актриса Ольга Будина 42 жашка толду. Ал 1975-жылы 22-февралда Москва облусунун Одинцово шаарында төрөлгөн. Кичинекей чагынан аккордеон, фортепианодо ойноп, мектеп хору менен оркестринде солист болгон. Щукин атындагы жогорку театралдык окуу жайды бүтүрүп, 2000-жылы Александра Маттанын "Чек ара. Тайгадагы роман" аттуу тасмасына тартылып белгилүү болгон. Ал мындан тышкары 30га чукул тасмада роль жараткан. Ольга Будина Орусиянын искусство жана адабият тармагындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Орусиянын "Биринчи каналынын" версиясы боюнча 2002-жылдын мыкты актрисасы. Ал эми 2008-жылы "Орус репортёру" журналынын версиясы боюнча Орусиядагы 10 сулуу айымдын катарына кирген. Актрисалыктан тышкары орусиялык телеканалдарда алпаруучулук кызматты аркалаган.
2004-жылы ишкер Александр Наумовго турмушка чыгып эки жылдан кийин ажырашкан. Экөөнүн ортосундагы 13 жаштагы уулу Наумду актриса өзү тарбиялайт.
22-февралга карата жылнаама
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
momuntay
2017-02-22 14:38:58
Граница. Таежный роман. Железнодорожный романс ж.б тасмалары аркылуу тааныйм. Мыкты актриса. Абдан жылдыздуу айым деп билем.
0
rahat97
2017-02-22 21:43:24
мага жагат жакшы ойнойт граница таежый роман
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан