Президент Алмазбек Атамбаев 22-февралда Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын башчысы Канатбек Муратбеков менен жолугушту. Мамлекет башчыга инфраструктуралык, социалдык, өндүрүштүк объекттерди курууда тийиштүү талаптардын сакталышы жөнүндө маалымат берилди.
Муратбековдун билдиришинче, 2012-жылы 7 инспекциянын көзөмөлдөөчү функцияларын бириктирүү жакшы жыйынтык берди. Жарандардын саламаттыгын жана коопсуздугун камсыздоого мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүп, өлкөдө инвестициялык климатты жакшыртууга шарт түздү. Бул арада текшерүүлөрдүн саны 3 эсе кыскарганын айтат. Мисалы, 2011-жылы тармакта 44 202 текшерүү жүрсө, 2016-жылы 15 849 текшерүү болгон.
Алмазбек Атамбаев текшерүүлөрдүн кыскарышы ишкерлерге жакшы шарт түзөрүн белгиледи.