Кышкы Азия оюндары: Тоо-лыжа спортунда кыргыз спортчусу Евгений Тимофеев алдынкы ондукка кирди

Бүгүн, 22-февралда Японияда өтүп жаткан Кышкы Азия оюндарынын тоо-лыжа спортунда Кыргыз өлкөсүнүн атынан Евгений Тимофеев жана Максим Гордеев катышышты. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты билдирет.

Маалым болгондой, гигант слаломго жалпы 44 спортчу катышып, алардын 30 спортчусу гана финишке чейин келген. Евгений Тимофеев биринчи бөлүгүндө 7-орунга жазылса, Максим Гордеев 18-келген. Жыйынтыктоочу бөлүгүндө Евгений Тимофеев 1-орунду алган япон спортчусунан 6 секунда артта калып, 8-орунда жазылды. Ал эми Максим Гордеев 16-орунда келди.

Спортчулар эми слалом бөлүгүндө катышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Azatbek83
2017-02-22 13:34:40
Молодцы
0
jigit.paren
2017-02-22 13:37:00
Оо жакшы азаматтар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан