Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиевдин кызматтан кетүүсүн талап кылгандар менен өзү жолукту

Бүгүн, 22-февралда Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдына министр Талантбек Батыралиевдин жумуштан кетишин талап кылгандар митинг өткөрүшкөн.
Митингчилер "Улуттун генофонду коркунучта", "Саламаттыкты сактоо министрлиги - өлүктөрдү көмүү министрлиги", "Фарид жоголмоюн, Кыргызстан оңолбойт" деген жазууларды жазып алышкан.

"Кыргыз чоролору" коомдук бирикмесинин мүчөсү Жолалиев Калысбектин айтымында, Саламаттыкты сактоо министрлигиндеги коррупциядан улам бейтаптар бей ажал өлүм таап, кыйналып жатышат.

"Талантбек Батыралиев 2 жылда медицина тармагын гүлдөтөм деп келген эле. Мына канча жыл өтсө да, эч кандай жыйынтык жок. Жогору жакта булардын "крышасы" бар. Эгерде иштей албаса кетсин, ордуна татыктуу, билимдүү талапкер келсин", - дейт К. Жолалиев.

Учурда митингдин катышуучулары Талантбек Батыралиев менен жолугушуп, сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Parish
2017-02-22 13:17:07
Башташкан ишин аягына чыгарышы
керек.
+2
nurlan-86
2017-02-22 16:24:24
Больницада акча албайт дешет больница озунчо бизнес болуп калыптыр
+1
nurlan-86
2017-02-22 16:30:03
Врачтар акча албайт дешет больницага 3500 толосон мага 6000 бересин деп эле айтышат экен врачтар министр врачтарга айлык толойбу же элден айлык алышабы
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан