Баткен районунда Ата-Мекенди коргоочулар күнүнө карата ачык эшик күнү өткөрүлдү

Баткен районунун Бужум айылында окуучулар менен аскерлердин катышуусунда ачык эшик күнү өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 22-февралда өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

"Советтик армиянын Ооган жергесинен чыгарылгандыгынын 28 жылдыгына жана 23-февраль Ата-Мекенди коргоочулар күнүнүн урматына жаш өспүрүмдөрдү патриоттуулукка, мекенди сүйүүгө тарбиялоо максатында атайын иш-чара өткөрүлдү. Салтанатка өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев, облустук ардагерлер кеңеши, Ооган согушунун ардагерлери жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилери катышты", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын жүрүшүндө Ооган согушунун ардагерлеринин эстелигине гүлчамбарлар коюлуп, куран окулду. Мындан сырткары 30-630 аскер бөлүгүндө аталган иш-чаранын алкагында окуучуларынын арасында спорттук аскердик эстафета өткөрүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан