16-17-февраль күндөрү Евразиялык экономикалык биримдигинин аймагына жалпысынан 4 тонна тооктун төшүн мыйзамсыз өткөрүлүп жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Кыргыз Мамлекеттик Бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 16-февралда саат 08:30 чамасында Баткен облусунун Төрт-Гүл суу сактагычынын аймагында Мерседес-Бенц токтотулган. Анын ичинен тиешелүү документтери жок 2 миң килограмм тооктун төшү табылган. Эт Кытайда даярдалганы жана жалпы баасы 260 миң сом экени аныкталган.
Кийинки күнү 17-февралда саат 02:00 чамасында Баткен-Ош унаа жолунда Кадамжай районунун Бүргөндү айылында Хундай Портер токтотулган. Анын ичинен да 2 миң килограмм тооктун төшү табылган. Эттин жалпы баасы 220 миң сомго тең экени жана Тажикстанда даярдалганы аныкталган. Бул жүктү өткөрүп жаткан адамда тиешелүү документтер жок болгон.
Бул эки факт боюнча материалдар Ош облустук прокуратурага жөнөтүлдү.