Таштандыны белгиленбеген жерге таштап, өрттөгөндөргө 20 миң сом айып салуу сунушталууда

Бир катар эл өкүлдөрү "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунушташты.

Кодекстин колдонуудагы редакциясында турмуш-тиричиликтин таштандыларын жана башка буюмзаттарды атайын белгиленбеген жерлерге таштоо, күйгүзүү 8 саатка коомдук иштерге тартуу менен эсептешүү көрсөткүчүнүн 20 өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Өндүрүштүк таштандыларды жана башка буюмзаттарды белгиленбеген жерлерге таштоо, күйгүзүү 8 саатка коомдук иштерге тартуу менен эсептешүү көрсөткүчүнүн 100 өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет деп белгиленген.

2015-жылдын май айында айыптардын өлчөмү көбөйтүлгөнү менен натыйжалар байкалбаганы айтылат долбоордун маалым-катында.

"Жалпы коомдук пайдалануучу жерлерде, парктарда, гүл бакчаларда, көчөлөрдө, турак жай үйлөрдүн короолорунда жарандар мурункудай таштандыларды таштоону, өрттөгөндү улантышууда. Коом жана тийиштүү жергиликтүү бийлик органдары тарабынан болуп жатканга эч кандай адекваттуу таасир кылуусу байкалган эмес. Биздин коомдук жалпы маданияты төмөндөп кеткен, жарандардын көпчүлүгүнө таштандыларды атайын белгиленбеген жерлерге таштоо кадимкидей эле көрүнүш болуп саналат", - деп жазылган катта.

Европалык жана чыгыш азиялык өлкөлөрдүн тажрыйбасы көрсөткөндөй, таштандыларды жана башка буюмзаттарды атайын белгиленбеген жерлерге таштоо үчүн бузуулардын санын иш жүзүндө нөлгө чейин кыскартуу түрткү берери кошумчаланган. Мисалы, эгерде Сингапурдун тажрыйбасына кайрылсак, анда атайын белгиленбеген жерлерге кадимки эле кагазды таштоо үчүн казынага 300дөн 1000ге чейин доллар төлөө тийиш.

Турмуш-тиричиликтин таштандыларын жана башка буюмзаттарды атайын белгиленбеген жерлерге таштоо, күйгүзүү 40 саатка коомдук иштерге тартуу менен эсептешүү көрсөткүчүнүн 20 өлчөмүндө администрациялык айып салуу сунуш кылынат. Өндүрүштүк таштандыларды жана башка буюмзаттарды белгиленбеген жерлерге таштоо, күйгүзүү 40 саатка коомдук иштерге тартуу менен эсептешүү көрсөткүчүнүн 200 өлчөмүндө администрациялык айып салуу сунуш кылынат.

Мындан тышкары, колдонуудагы Кодексте тамекинин таштандыларын, пластикалык бөтөлкөлөрдүн жана пакеттердин, ошондой жол кыймылынын катышуучулары тарабынан транспорттук каражаттардан башка майда тиричилик таштандыларды таштоо үчүн жаза каралган эмес. Ушуга байланыштуу, жол кыймылынын катышуучулары тарабынан транспорттук каражаттардан башка майда тиричилик таштандыларды таштоо үчүн каралган Кодекстин 249-1-статьясын экинчи бөлүк менен толуктоосу сунуш кылынат.

Массалык иш-чараларды (эс алууда) өткөрүүдө адамдардын өтө көп чогулган жерлеринде, эгерде анын аймагында коомдук дааратканалар болбосо, био дааратканаларды орнотуу боюнча чараларды көрбөгөндүгү үчүн уюштуруучулардын жоопкерчилигин кароо сунуш кылынат. Бекитилген аймакта тазалыкты камсыз кылуу боюнча милдеттерин аткарбагандыгы же талапка ылайык аткарбагандыгы үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу аткаруучу органдарынын кызмат адамдарынын жоопкерчилигин кароо сунушу кылынат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
semo
2017-02-23 09:23:31
Кана еми ушул мыйзамыңар иштесе законду аткарыш керек кагаз жүзүндө калтырбай
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан