Англиялык ырчы Жеймс Блант 43 жашка толду. Ал 1974-жылы 22-февралда Англияда аскер кызматкеринин үй-бүлөсүндө туулган. Бала кезинде жөн гана пианинодо ойногонду үйрөнүүнү чечип, ошол бойдон музыка дүйнөсүнө кирип кеткен.
Жеймс Блант дүйнөгө "You’re Beautiful" аттуу хит ыры менен таанымал болгон. "Back to Bedlam" (2004), "Chasing Time: The Bedlam Sessions", "Monkey on My Shoulder" (2006), "All the Lost Souls" (2007), "Les Sessions Lost Souls" (2008), "Some Kind of Trouble" (2010) жана "Moon Landing" (2013) ыр жыйнактарын чыгарган. Ырчы 2014-жылы сентябрь айында София Уэллслиге баш кошкон.
22-февралга карата жылнаама