Орусиянын Казань шаарында Кыргыз жаранына таандык унаа толугу менен күйдү. Бул тууралуу бүгүн, 23-февралда орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалымат боюнча, 21-февраль күнү таңга маал саат 03:50 чамасында аталган шаардагы Мусина көчөсүндө Мерседес Е 200 үлгүсүндөгү автоунаа күйгөн. Унаа 2002-жылы чыгарылган күмүш түстө болгон. Транспорт 32 жаштагы Кыргыз жаранына таандык экени аныкталган. Алдын ала маалыматтарга ылайык, өрт электр зымдарынын кыска туташуусунан улам чыккан. Жабыркагандар жок.