Сокулук РИИБи тарабынан 17 жаштагы Х.А. жана У.М. 15 жаштагы М.Б. аттуу жарандар кармалышты. Алар “16-январь күнү дүкөндөн буюм жана акча уурдаган” деп шектелүүдө. Бул тууралуу Чүй облустук ИИБинин басма сөз кызматы билдирет. Айтылгандай, уурдалган акча менен буюмдун жалпы өлчөмү 80 миң сомду түзгөн. Окуя боюнча Кылмыш кодексинин 164-беренеси (уурулук) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.