Ырчылар Мухтар Атаналиев, Борончу Кудайбергенов, Кутман Жолдошев советтик аскерде өткөн жылдары тууралуу эскеришет

Мекенибизде бүгүн, 23-февраль - Ата Мекенди коргоочулардын күнү белгиленүүдө. Ырчылар Мухтар Атаналиев, Борончу Кудайбергенов, Кутман Жолдошев "мурда бул майрам абдан шаӊдуу белгиленчү, азыр аскерге баруунун кадыры жок болуп баратат" дешип, аскерде өткөн жылдары тууралуу SUPER.KG`ге баяндашты.

Мухтар Атаналиев "Армиядагы түрдүү улуттун арасында кыргыздын жигиттери чыдамкай, сөзгө бекем болушчу. Ошонусуна сыймыктанчумун" дейт.

"Азыркы учур менен мурдагы армияда кызмат өтөөнүн айырмасы чоӊ. 23-февраль - жашоодогу эӊ чоӊ майрамдардын бири болчу. Толкунданып аябай күтчүбүз.

Мен Тажикстанда кызмат өтөгөм. Албетте, 30 секундада пол жуумай, чуркамай жана башка майда тартиптер күчтүү болчу. Ал учурда советтик армияда 70тен ашуун улуттун жигиттери кызмат кылышчу. Бирок биздин жигиттер өзүнүн чыныгы арстандык мүнөзү, жигиттик мыкты сапаттары менен өзгөчөлөнчү. Алсак, башка улуттагы аскерди бирөө уруп же кыйнап койсо, чоӊдорго барып айтып, аларды сатып салышчу. Кыргыздын жигиттери сөзгө бекем, намыстуу болчу. Ошого азыр да сыймыктанып кетем. 2-3 улуттун жигиттери так болбосо, калгандары сатып кетүүгө жакын болушчу. Албетте, учурунда таякты да жедик", - дейт ырчы.

Ал эми ырчы, куудул Борончу Кудайбергенов өзүнө мүнөздүү тамаша айтып, майрам тууралуу буларды билдирди:

"Бул майрамдын кадырын азыр билишпейт. Мурда эл-жер үчүн кызмат өтөгөн чыныгы эркектердин майрамы деп абдан белгиленчү.

Азыр мындай тамаша бар:

Армия аркы өйүздө, үйү берки өйүздө. Эртеӊ менен уулу кетет, "мен армияга кеттим, кечинде тамак салып койгулачы, командирлер келет" деп. Армияга барып турса, атасы барып калат. Уулу чочуп кетип, "ой, ата, эмне келдиӊиз, ээнбаштык кылбай жакшы эле жүрөм го" десе, атасы "төркү үйдүн ачкычы кана?" дептир. Тамашада айтылгандай, адам өзү билген жакын жерге барса, баркы жок болот окшойт.

Мен аскердик окуу жайда кызмат өтөгөм. Андыктан бизде систем башкача болчу. Бизди бир эле сержант башкарчу. Кааласа, түндөсү тургузуп алып таӊ аткыча чуркатат, окутат, үйрөтөт. Ал эми майрамдарда ар улуттун өкүлдөрү таланттарын көрсөтүшчү. Мен андайда аккордеон менен "Карындаш" деген ырды ырдачумун. Ыр эмне жөнүндө десе, "про любовь" деп койчумун".


Кутман Жолдошев 23-февралды майрамдоо акыркы кезде жанданганын айтат.

"Мен Германияда кызмат өтөгөм. Бул майрам бүткүл Союз өлкөлөрүндө өзгөчө белгиленчү. Кыздар атайын кат жазып, куттуктоо жиберишчү. Союз тарагандан кийин бул күн жакшы майрамдалбай калган эле. Мына акыркы убакта кайра өлкөбүздө Мекенди коргоочулардын күнү деп белгилене баштады.

Армияда өткөн күндөр тууралуу айтсам, мен аскерде катарда бара жатканда ырдачумун. Түрдүү улуттун арасында жалгыз кыргыз элем, кийин мен бүтүп баратканда чүйлүк жигит келген. Алгач 6 ай аскердик окууда окуп, анан армияга баргам. 6 айдан кийин кыйноолор бүтүп калган болот. Анан да армияда ар кошкон эл болгондуктан тартип катуу болчу. Эреже бузгандарга алгач эскертүү берилип, андан да ашса, камап коюшчу".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан