Кыргыз Республикасынын футбол федерациясынын борбордук базасында кыздар улуттук курамасы жана жаш кыздар курамасы даярдык көрүшүүдө. Бул тууралуу Футбол федерациясынан кабарлашты.
Окуу-машыгуу жыйындарынын алкагында курамалар Гүлбара Уматалиеванын жетектөөсүндө Алматы шаарында бир нече достук матчтарга катышышат. Оюндар 27-февралдан 4-мартка чейин уланмакчы.
Оюндардын убактысы:
28-февралда, 15:00
Тажикстандын улуттук курамасы – Кыргыз Республикасынын улуттук курамасы.
1-мартта, 15:00
Тажикстандын курамасы (U-19) – Кыргыз Республикасынын курамасы (U-19).
2-мартта, 15:00
Кыргыз Республикасынын улуттук курамасы – Тажикстандын улуттук курамасы
3-мартта, 15:00
Кыргыз Республикасынын курамасы (U-19) – Тажикстандын курамасы (U-19).
Бардык оюндар Нархоз стадионунда өтөт.