УКМКнын жанында эки жол тандабас сүзүшүп, айдоочулар бири-бирин күнөөлөшүүдө (фото)

Бүгүн, 24-февралда саат 11:00 чамасында Бишкектеги Жибек жолу - Эркиндик көчөлөрүнүн кесилишинде Хонда жана Ниссан үлгүлөрүндөгү жол тандабастар сүзүштү. Кырсыктан улам жабыркагандар жок. Күбөлөрдүн айтымында, Хонданын айдоочусу унаа токтотуучу жайга жолдун ортоңку тилкесинен оңго буруп токтотууга аракет кылганда, артындагы Ниссан аны оң жагынан өтүүгө аракеттенген. Жыйынтыгында Хонданын оң жагы чийилип, күзгүсү сынып калды. Ниссандын сол жагы чийилип, сол дөңгөлөгү жарылды. Эки айдоочу тең бири-бирин күнөөлөшүүдө. Учурда алар МАИ кызматкерлерин күтүп жатышат.

УКМКнын жанындагы кырсык (24.02.17)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Tekecher
2017-02-24 13:38:13
Ким куноолуу болгонун да жазып койгулачы сураныч? Супер
-1
Djal1987
2017-02-24 15:22:19
Гаилердин башы ооруп жатат экен да кимисин тартышты билбей. Кимисинин креслосу кымбат крышасы кучтуу болсо ошол женет. Эмне демекпиз гаилердин ишине ийгилик!!!
+2
ayjan_90
2017-02-24 18:49:58
Кимдин таанышы акчасы коп болсо ошол женет бизде коррупция онуккон аябай
+1
Tekecher
2017-02-24 22:53:26
Ким кунолуу болду? Ошондо
0
Barchynbek
2017-02-25 06:05:40
Экоондо тен куно бар.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан