Атактуу америкалык мушкер Флойд Мейвезер 40 жашка толду. Ал 1977-жылы 24-февралда АКШнын Гранд-Рапидс шаарында туулган. Каймана аты – "Келишимдүү" (Pretty Boy), "Акчалуу" (The Money). Ф.Мейвезердин алгачкы беттеши 1996-жылы 11-октябрда өткөн. Ал бардыгы болуп орто салмак категориясында 49 беттеш өткөрүп, баарын жеӊген. Алардын 26сын нокаут менен уткан. Флойд Мейвезер "Ring" журналынын версиясы боюнча 6 жолу "Дүйнөнүн мыкты мушкери" аталган. Мушкер "Атланта-96" Олимпиадасынын коло медаль ээси, WBC жана WBA версиясы боюнча 5 салмак категориясында Дүйнө чемпиону. 2015-жылы сентябрь айында мушкерлик карьерасын жыйынтыктаган.
24-февралга карата жылнаама