Кышкы Азия оюндары: Кыргыз хоккейчилери өз тайпасындагыларды жеңип, финалга чыгышты

Бүгүн, 24-февралда кыргыз хоккейчилери Японияда өтүп жаткан Кышкы Азия оюндарында өз тайпасында үчүнчү оюнун өткөрдү. Мелдештин расмий сайты билдиргендей, анда Кыргыз өлкөсү Катар менен кез келди. Кыргыз хоккейчилери "В" тайпасында болчу.

Оюндун биринчи бөлүгүндө чабуулчу Олег Колодий эки жолу айырмаланып, кыргыз хоккейчилерин алдыга чыгарды. Калган убакытта Нуржан Ибраимов, Владимир Ничипуренко, Антон Кудашев жана эки жолу Уран Турсунбеков таамай болду. Жыйынтыгында финалдык ышкырык 7:2 эсебин каттады.

“В” тайпасында 9 упай чогулткан кыргыз хоккейчилери эми 26-февралда “А” тайпасынын жеңүүчүсү Түркмөнстан менен 2-дивизиондун финалында ойнойт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
BekAmir
2017-02-24 16:49:49
Азаматтар. Силерден умут чон. Алга!!! Кыргызстан силер менен.
+3
Abdyrashit.Satylganov
2017-02-24 16:50:46
Түркмөнстандын улуттук курамы быйыл эле түзүлүп эл аралыкка чыккан эле.финалга чыгып кеттиго..Биздин командага ийгилик..
+2
bekov01
2017-02-24 17:03:59
Мына буларды чыныгы Кыргыз спортчулары десек жарашат. Оздору дагы, формасы дагы. Ийгилик!
0
arman00
2017-02-24 17:06:03
1дивизонго качан которулот женсеби билгендер айтып коюнуздарчы
+2
Nur1k
2017-02-24 17:06:51
Админ видеолорун да жуктоп койсонор!
-2
admin_portal
2017-02-24 17:41:20
-LEGENDA-
2017-02-24 17:53:52
Жаллан кыш корбогон олклорду салып берсе женетта албетте.))
-7
Kurstan_CR7
2017-02-24 17:58:16
-LEGENDA-,
Ека ичин куйсо туз жала деген соз эсиме тушурдун! )))))))
+2
Omurbek998
2017-02-24 17:58:03
Оо азаматтар ийгилик!!!
+3
Adidas_91
2017-02-24 18:57:57
Алла колдосун Аамиин.
+3
Dalil
2017-02-24 19:04:04
Ким менен ойногонун жазса жакшы болмок .
-3
USSRKG
2017-02-24 19:04:27
Админ- мен эч тушунбойм командабыз ушунча кучтуу болуп неге 2-двизиондо ойноп жатат.ошого тушундурмо бергилечи
0
Baha-kyrgyz
2017-02-24 20:30:25
Админ сиздерден сураныч Кыргызстан 1 дивизионго качан ойнойт жооп алып бергилечи чон рахмат!
0
mamashov-emil
2017-02-25 01:10:46
Baha-kyrgyz,кышкы азия оюндары 4 жылда 1 жолу отот 2011 Казахстанда болгондо биз 1 дивизиондо ойногонбуз баарын утуп алтын алганбыз анда азыркы биз ойноп аткан командалар катышкан эмес 4-5 жылда алар мамлекеттик денгээлде катуу даярданып келишти биз 4 жылдан кийин 1 эмес топ дивизионго чыгып калабыз буюрса жакшы онугуп келатат бизде бул азиатсий олимпиада, ал эми ушул жле биринчи дивизиондо ойноп аткан 6 командалар менен март айынын аягында кубок вызова азиянын топ дивизионунда ойнойбуз. р
0
Arsenal2
2017-02-24 21:52:27
Ошондо женсе алтын, женилсе кумуш медалга ээ болобузбу же кандай супер кенениреек тушундуро кетсенер 1-2 дивизион дебей же женсе 1 дивизионго которулобу
0
Sajakat14
2017-02-25 01:11:30
Азаматтар! Сыймыктанам!
0
Tyty1990
2017-02-25 10:06:18
Көзүмө жаш келип кетти. Азаматтар кыргызымдын эр жүрөк жигиттери.
0
Ali-91
2017-02-25 18:44:53
Админ саламатсызбы? Хоккейчилердин оюнун кайсы канал көрсөтүп жатат?
КТРК спорт көрсөтүп жатабы?
Биздин курамабыз Түркмөндөр менен эртең 26-февральда саат канчада ойношот,түз эфир болобу?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан