Футбол боюнча Кыргыз өлкөсүнүн Суперкубогу үчүн өлкө чемпиону “Алай” менен кубок ээси “Дордой” ойнойт. Бул тууралуу Футбол лигасы билдирет.
Аталган оюн менен 2017-жылдын жаңы сезонуна старт берилет. Оюн 3-мартта Бишкек шаарындагы Футбол борборунда саат 15:00 өтөт.
Белгилей кетсек, “Дордой” үч жолу Суперкубокто жеңишке жетишсе, “Алай” бир да жолу уткан эмес.