МЕДИА-ПОРТАЛ: "Күткүм келет" клибин тартууда бийик аскага ыйлагыдай болуп чыгып, араӊ тартып бүткөнбүз" дейт ырчы Гүлнара Калдарова

Күтүү, сүйүү тууралуу ырдалган чыгармалардын бири болгон "Күткүм келет" ырын Гүлнара Калдарова аткарат. Ырчы аталган ырга клип тартуу көптөгөн кыйынчылыктар менен коштолгонун айтат.

"Күткүм келет" ырынын клиби кыйынчылыктар менен, узак убакытта тартылды. Алгач үлпөт тойго ылайык карета издедим. Бир жолу жолдон көрүп калган элем. Аны кайра табыш үчүн бир жумадай убакыт короттум окшойт. Башкы каармандыкка кызды да көп убакыт издөөгө туура келди. Сулуу кыздардын баары эле тартылууга макул болот да, "үлпөт көйнөк кийесиӊер" десем, "ата-энем макул болбой жатат" деп көнбөй жатышты. Акыры модель кыз тартылууга макул болду", - дейт ырчы.

Ал эми ырчы өзү ырдап жаткан кадрлар өлкөнүн ар кайсы жеринде тартылганын айтат.

"Мен ырдап жаткандагы кээ бир кадрлар Ош облусундагы Кара-Кой деген кооз жайлоодо тартылды. Ал жакка тоодо жүрүүгө ылайыкташкан унаа менен барып тартып келдик. Ал эми бийик аскада туруп ырдаган жер бар эмеспи, ал такыр башка жакта тартылган. Оператор жигит "ошол жакка чыгып ырдаӊыз, жакшы кадр алынат" дегенинен, ак көйнөкчөн, шиш такамды чечип ыйлагыдай болуп чыктым. Арт жагымда чоӊ суу агып жатты. Ылдый карасаӊ баш айланат. Ошентип таштын үстүндө шиш такачан, эптеп күлүп жатып араӊ тартып бүткөнбүз. Азыр көпчүлүк "жарга кантип чыктыӊыз?" деп сурай беришет".

Гүлнара Калдарованын "Күткүм келет" ырынын клибин бул жерден көрүӊүз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Izdeim_seni.
2017-02-24 20:41:48
Неинтересно
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан