Бүгүн, 24-февралда Бишкек шаарындагы Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда Орусиянын "поп-падышасы" Филипп Киркоров "Я" аттуу шоу-концертин тартуулады. Концерт саат 19:00дө башталып, 21:30 чамасында аяктады. Алгач Филипптин кыргызча саламдашканы калың катмарга жагып, жандуу коштоп, кол чаап, ырдап отурушту.
Концерттин баасы кымбат экенине карабастан зал 100 пайызга толуп, туруп калгандар залдын 20 пайызын түздү.
Көрүүчүлөрдүн купулуна өзгөчө ырчынын "Снег", "Немного жаль", "Просто подари мне один только взгляд", "Жестокая любовь" сыяктуу убагында хит болгон ырлары толуп, ордуларынан туруп кол чабышып, кошулуп ырдап жакшы кабыл алышты.
Ырларынын баарын жандуу үн менен аткарды. Ошондой эле ар бир ырына жараша даярдалган бийлер, лазер жарыктары, кийип чыккан формалары көрүүчүлөрдү көңүл кош калтырган жок.
Концертти аяктап жатып, ырчы 20 жашында Фрунзеге келип жеке концерт тартуулаганын, андан бери убакыт өтсө да көрүүчүлөр ошол бойдон экендигин, аларды сагынып, Бишкекке келгенде өз үйүнө келгендей болгондугун айтты.
Ошондой эле коштошуп жатып кыргызча: "Мага Орусиянын президенти "Эл артисти" деген наам берген. Бирок мен бүгүнкү керемет кечеде сиздердин колдооңуздардан соң өзүмдү Кыргыз өлкөсүнүн Эл артисти сезип жатам", - деген оюн айтты.