Кара-Көл шаарында мал уурулукка шектелген жаран кармалды

Кара-Көл шаарында мал уурулукка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-февралда Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Кара-Көл шаардык ички иштер бөлүмүнө жергиликтүү тургун арыз менен кайрылып, 19-февралга караган түнү белгисиз адамдар короосунан эки эчки уурдап кетишкенин айткан. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам иликтөө иштери жүргөн. Анын негизинде кылмышка шектүү катары 28 жаштагы Ч.К. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Уурдалган мал ээсине кайтарылып берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Tunerbei1812
2017-02-25 13:06:17
"Эчки уурдаган шерменде" дечу беле кыргызда?
+1
attokur91
2017-02-25 20:01:22
Кайрааан уурулар коп, жоктуктун айынан иш жок карыз коп анан уурдайт, билбейм не кылыш к.к
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан