"13 жаштагы аталаш карындашын зордуктады" деп айыпталган Эрлан Дөлөнов 22 жылга соттолду

"13 жаштагы аталаш карындашын зордуктады" деп айыпталган Эрлан Дөлөнов 22 жылга соттолду. Бул тууралуу бүгүн, 25-февралда SUPER.KG порталына жабырлануучу кыздын эжеси Рахима Айкымбаева билдирди.

Анын айтымына караганда, тиешелүү чечимди кечээ, 24-февралда Талас облустук соту чыгарган. Ага ылайык Эрлан Дөлөнов Кылмыш-жаза кодексинин 129 (зордуктоо) жана 132 (он алты жашка толо элек адам менен жыныстык катнашта болуу жана сексуалдык мүнөздөгү башка аракеттерди жасоо) беренелери боюнча күнөөлүү деп табылды.

Ал эми айыпталуучунун жакындары Эрлан Дөлөновдун күнөөсү далилденбегенин айтып келишет.

Бул ишти алгач Бакай-Ата райондук соту карап, 2015-жылдын 2-декабрындагы чечими менен Эрлан Дөлөновду Кылмыш-жаза кодексинин 132-беренеси менен күнөөлүү деп таап, 3 жылга шарттуу соттогон. Бул чечимге макул болбогон жабырлануучу тарап облустук сотко кайрылган. Талас облустук соту 2016-жылдын 21-январындагы чечиминин негизинде райондук соттун чечимин өзгөртүүсүз калтырган. Ал эми 2016-жылдын 12-апрелинде Жогорку Сот ишти кайра кароо үчүн Бакай-Ата райондук сотуна жөнөткөн. Кайра жөнөтүлгөн ишти башка сот карашы керек болгондуктан Манас райондук соту караган. Анда Дөлөнов 132-берене боюнча айыпталып, 1 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. Кийин ишти Талас облустук соту карап жаткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
rukopashnik
2017-02-25 12:07:18
аз бериптир буга 50 жыл берсе да аз ..
+13
Djal1987
2017-02-25 12:50:43
Рахмат СОТКО!!! башкаларга пример болсун.озунун аялы болуп туруп башканы зордуктаганы учун.
+17
padysha
2017-02-25 13:41:19
Рахима Айкымбаева азамат экен.Тууган туушкан деп акчасын алып алып унчукпай калбай.Акыйкатты издеп канча соттошту башкаларга да улгу болду аракет кылса берекет азаматсын.
+20
nurbek11
2017-02-25 14:04:22
Соттор дагы ал жака бул жака жонотуп жатып акыры камашыптыр да. Бечара ушуна камалат экенсин эмнеге ар сотко акча берип кыйналдын. Акыры акчан тугогондо камалдын. Соттор акчасын алып камабай журуп акыры акчасы буткондо камапсынарда. Куноосун коруп туруп камабай койгон сотторго наалат болсун.
+17
altyn2015
2017-02-25 14:12:34
Эжеси азамат экен.
+9
naz2015
2017-02-25 14:28:45
мындай уяты жокторго 13 жыл аз!
-2
Bubu88
2017-02-25 15:06:42
naz2015,тууган жакшылап оку
+5
DNurgiza
2017-02-25 22:25:43
naz2015,
22жыл деп турат ко...
+1
good5like
2017-02-25 23:19:33
naz2015,islamda asuu kerek myndailardy
-2
zafar.kgz92
2017-02-25 15:19:26
Соттон сотко отуп атып акчасын тугонгонго чамасы!
+4
almazbei
2017-02-25 15:54:13
Куноолу болсо зордогону чын болсо соттоп олтурбай эле тиагын кесип оозуна салып коюш керек болчу мындайларды?!
+7
lady.girl7997
2017-02-25 19:43:07
almazbei, Ал жагынан кабатыр болбо. ХХХ чон атасын таанытат зонада
+4
Hadyja
2017-02-25 20:52:27
Олум жазасы киргизилсе,коп деген кичинекейлерибиз жамандыктан сак болушмак,андай чондордун барынан жогу,бизге эле жакшы.Напсисине кул болуп,шайтанга баш ийгендер,жок болгону туура эле деп ойлойм
+1
Pandora
2017-02-25 22:54:58
Ото кубанычтамын ))) Бирок дагы бир ааз кобуроок берсе сонун болмок.Эжесине бекем ден соолук ар дайым чындыкты талап кылып журо берсин.
+2
Bubu88
2017-02-25 23:17:31
Зөөкүр коргулукту көрсөң экен бир азабынды гана тартып көзүнө ажал көрүнгондо анан ошол кичинекей кыздын абалын тушуносун жыргап кана жүрдүн беле сен эки дүйнөдө да азапка малынасын эжеси азамат экен зоокурду акырына чейин күрөшүп акыры жазасын тарттырыптыр
+2
perishte_222
2017-02-27 11:42:41
Урматтуу эжелер байкелер, Бул чындык окуя экени бир гана АЛЛАХ билет!!! Бул жалган дүйнөдө эки жүздүү адамдар көп тура, андыктан мен сотту туура чечим чыгарганына күмөнүм бар... дегеним мен бул инсанды кичинемден таанычуумун бирок чындык кайсы тарапта экенин билбейм эгер чындыгында бул ишти кылган болсо жазасын алсын! Бирок мен ойлойм күнөөсүздөр камакта күнөөлүлөр боштондукта. Бул эжесинин чыныгы жүзүн билбеген соң антип бирөөнү каралоо да туура эмес.акыйкат акыретте.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан