Нарын облусунун Ат-Башы районунда көмөк чордонго (трансформатор) тартылып ооруканага түшкөн 8 жашар кыз эсине келе элек. Бул тууралуу жабырлануучу кыздын жакындары бүгүн, 1-майда билдиришти. Жабырлануучу кыздын таякеси Сүйүндүк мырза мындай дейт:
“Айгерим 4-класстын окуучусу. Көмөк чордон мектептин короосунун ичинде жайгашып, жол кыскарткандар анын жанындагы тосмонун тешиги аркылуу мектепке кирип кетишчү. Ал эми көмөк чордондун өзүнчө тосмосу жок. Окуяга күбө болгон айыл тургунунун айтымында, кырсыктан бир күн мурун жаан жааган. Кырсыктын бир себеби да ушундан болсо керек. Көмөк чордондун чоң эки эшигинин бири жабык ал эми экинчиси ачык экен. Милиция кызматкерлери келгенге чейин РЭСтин кызматкерлери келишти. Аларга болгон окуяны баяндап, көзөмөлгө албагандыктарын айтканыбызда, “балдарды өзүңөр көзөмөлдөбөйт белеңер, эшикти ачып ойношуптур" деп кайра бизге күнөө коюшту”.
Айта кетсек, окуя 28-апрелде болуп, 4-класстын окуучусу Айгеримдин белинен өйдө тарабы күйүккө кабылган. Учурда аймактык ооруканада, дарыгерлердин көзөмөлүндө.