Мындан 85 жыл мурун, 1932-жылы 27-февралда америкалык актриса Элизабет Тейлор Розмонд Лондон шаарында туулган. Атасы Лондондо музей ачууну, сүрөттөрүн сатууну көздөгөндүктөн, үй-бүлө Америкадан Лондонго көчүп келишет. Экинчи дүйнөлүк согуштун башталышы менен алар кайрадан өз мекенине кетүүгө мажбур болушат. Үй-бүлөнүн досу Элизабеттин актрисалык талантын байкап, аны 9 жашынан кино дүйнөсүнө алып келет. Тейлор өмүрүндө 69 тасмада роль жаратып, эки жолу "Оскар" сыйлыгын алган. Актрисанын жылдызы 1950-1960-жылдары өзгөчө жанган. 1961-жылы Египет ханышасы Клеопатранын ролун жаратып, дүйнөлүк атактуулукту багынткан. Элизабет кино тарыхында гонорары миллион долларды чапчыган алгачкы актриса катары калган.
Элизабет Тейлор тартылган тасмалар: "Клеопатра" (1963), "Баттерфилд 8", (1960-жыл. "Оскар" сыйлыгын алган тасма), "Виржиния Вульфтан ким коркот?" (1966-жыл. "Оскар" сыйлыгын алган тасма), "Айвенго" (1952), "Бум" (1968), "Сандпайлер" (1965), "Элизабет Тейлор Лондондо" (1963) жана башкалар.
Акыркы жылдары актрисанын жашоосу тынч агымга түшкөн. Мисалы, 2003-жылы улуттук Кино академиянын жыл сайын тапшырылчу 75-аземине келүүдөн баш тарткан. Баш айланткан атактуулук актрисага пайдасынан залалын көп тийгизген. Учурунда ичкиликке берилип, баңгизат да колдонгону анын ден соолугун жабыркатат. Жүрөгүнө бир нече жолу операция жасалып, тери рагынан жабыркайт. Эки бутуна жасалма муундар коюлуп, акыркы күндөрүндө коомчулукка майыптардын арабасында отуруп калган калыбында чыгууга мажбур болгон. Актриса 2011-жылдын 23-мартында дүйнө менен кош айтышкан.
Акыркы сапарга узатуу зыйнаты белгиленген убакыттан 15 мүнөт кеч башталган. Анткени тирүү кезинде Элизабеттин бардык жерге 15 мүнөт кечигип баруу адаты болгон. Андыктан маркум менен коштошууну да кечиктирип баштоону керээз кылып айтып кеткен экен. Акыркы керээзинде ал жөөттөрдүн диний жөрөлгөсү менен жерге берүүнү жана эстелигине "Жашоонун ар бир көз ирмеми үчүн рахмат" деген сөздү жазып коюуну өтүнгөн. Актриса 9 жолу турмушка чыккан деп айтылат. Ал эми анын эң акыркы жолдошу өзүнөн 29 жаш кичүү болгон.
27-февралга карата жылнаама