Ошто "май куючу жайлардын биринин кызматкерин өлтүргөн" деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 27-февралда SUPER.KG порталына Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кылмышка шектүү катары маркумдун мурдагы кесиптеши, 1990-жылы туулган Ж.К. кармалды.
"Мен аны өлтүрөйүн деген эмес элем. Жөн эле коркутуп коюну максат кылгам. Үйүнөн чыккандан кийин темир менен башка чаап, жыгылып калган соң ичине 3 жолу бычак сайгам. Ага мен 30 миң сом карыз болчумун, аны 40 миң сом кылып бересиң деп жаткан", - дейт шектүү өз көрсөтмөсүндө.
Айта кетсек, окуя 24-февраль күнү эртең менен Оштогу Анар кичи шаарчасында болгон. Анда белгисиз адам 1983-жылы туулган Абдираим Жапаровду катуу нерсе менен башка жана ичке сайып өлтүргөн.
Маркум Ош шаарындагы МПА май куюучу жайларынын биринде ага оператор болуп иштечү.