ЖЫЛНААМА, 27-ФЕВРАЛЬ: Белгилүү орусиялык актриса Татьяна Догилева 60 жашка толду

Советтик жана орусиялык актриса Татьяна Догилева 60 жашка толду. Ал 1957-жылы 27-февралда Москвада төрөлгөн. 14 жашында борбордук телевидениенин алдында уюшулган актёрдук студияга кабыл алынып, 1974-жылы Орусиядагы театралдык искусство университетине тапшырган. Аны 1978-жылы аяктап, ошол эле жылы Москвадагы "Лениндик комсомол" атындагы театрга кирген. Ал эми 1985-жылдан тартып Москвадагы Мария Ермолова атындагы драма театрына кирип, 2012-жылга чейин иштеген.

1998-жылы Татьяна Догилева өзүн режиссёр катары сынап, "Ай жарыгы, бал айы" спектаклин койгон. Ал эми 2000-жылы Орусиянын Эл артисти наамына ээ болгон. "Экөө үчүн вокзал" (1982), "Бурчтагы сары чачтуу" (1984), "Менин сүйүктүү клоунум" (1986), "Унутулуп калган обон" (1987), "Майамилик күйөө" (1994), "Дүйшөмбүнүн балдары" (1997), "Манекенчи аял" (2014), "Маяктын жарыгы жана көлөкөсү" (2015) жана башка тасмаларда роль жараткан. Мындан тышкары ал "Лера" жана "Горизонт" тасмаларынын режиссёру.

1978-жылы "Билети жок жүргүнчү" тасмасын тартуу учурунда жарык берүүчү Александр менен таанышып, ага баш кошуп, бирок 3 айдан кийин ажырашып кеткен. 1990-жылы сатирик Михаил Мишинге турмушка чыккан. 18 жылга созулган бул никесинен Екатерина аттуу кызы бар.

27-февралга карата жылнаама

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан