Спортчу Ибрагим Нурбек уулу жаштар арасында эрежесиз уруш боюнча дүйнө чемпиондугунда күмүш медаль жеңди

22-февралдан 24-февраль аралыгында Орусиянын Ярославль шаарында жаштар арасында WMMAA версиясында эрежесиз уруш боюнча дүйнө чемпиондугу өттү. 16-17 жаш курактагы спортчулар катышкан мелдеште эки кыргыз мушкери байгелүү орундарга жетишти.

Орус басылмалары кабарлагандай, 70 килограмм салмак ченинде алтын медаль үчүн беттешке Магомедрасул Хахулмагомедов менен Кыргыз өлкөсүнүн спортчусу Ибрагим Нурбек уулу чыгышкан. 2 раунддун жыйынтыгында калыстар жеңишти үй ээсинин спортчусуна ыйгарышты.

Ал эми 65 килограмм салмакта Мээримбек Болотбеков коло байге ээси аталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Adidas_91
2017-02-27 13:14:33
Куттуктайбыз ар дайым кыргызстандын желегин желбиретип атын чыгарып жүрө бергиле. Ийгилик каалайбыз!!!!!
0
Mirb
2017-02-27 14:02:09
Канатанраарлык эмес
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан