Футбол боюнча Азия чемпиондугуна тандап алуу оюндары Кыргыз өлкөсүндө өтөт

2017-жылы Кыргыз өлкөсүндө футбол боюнча 23 жашка чейинки (U-23), 19 жашка чейинки (U-19) жана 16 жашка чейинки (U-16) курактагылар арасында Азия чемпиондугуна тандап алуу оюндары өтөт. Бул тууралуу Футбол федерациясы билдирет.

Маалым болгондой, 15-июль 27-июлга чейинки аралыкта өлкөбүздө жаштар арасында (U-23) Азия чемпиондугунун тандап алуу оюндары өтөт. Бул оюндарда үй ээси менен 4 команда 2018-жылы Кытайда өтө турган Азия чемпиондугунун финалдык баскычына чыгуу үчүн күрөшөт.

Ал эми 16-сентябрдан тарта 24-сентябрга чейин 16 жашка чейинкилер арасында Азия чемпиондугунун тандап алуу оюндары өтөт.

Ошондой эле Азия чемпиондугунун тандап алуу оюндары 31-октябрдан 8-ноябрь аралыгында Кыргыз өлкөсүндө 19 жашка чейинки (U-19) курактагы футболчулар арасында өтөт. Бул оюндарда финалдык баскычка чыгуу үчүн үй ээсин кошкондо 4 команда ат салышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Ulan2601
2017-02-27 19:28:19
Ийгилик
0
Alpengold.
2017-02-28 13:38:48
Ошондо бардык оюндар Кыргызстанда отобу?
0
elmurat.kg
2017-02-28 17:55:03
Alpengold.,ошондойго..уят болбош керек стадиондорду реконструкция кылуу керек тазалап кечээ ошто болгондо эптеп эле коюшту дордойдун оюнунда тазалыкты сактоо керек биринчи очурда
0
Alpengold.
2017-03-01 13:10:27
elmurat.kg,оа туура айтасын.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан