Чилинин борбордук аймактарындагы суулардын ташкындоосунан улам сел жүрүп, 3 адам каза болуп, 20дай адам дайыны жок жоголушту. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар өлкөнүн өзгөчө кырдаалдар министрлигине шилтеме берүү менен жазышууда.
"Борбору Сантьягонун жанында 2 адам каза болду. Алардын бири 12 жаштагы кыз. Ал үй-бүлөсү менен бара жаткан унааны суу агызып кеткенде каза болгон. Мындан сырткары 20дай адамдын дайыны жок", - деп жазылат маалыматта.
Бул кырсыктын жыйынтыгында Сантьягодо 1,5 миллион үй суусуз калган.