Өткөн сутка ичинде Жарандык коргонуунун Өрткө каршы кызматынын маалыматы боюнча Республиканын аймагында 5 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 5 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган. Бул тууралуу бүгүн, 28-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Бишкек шаарындагы Свердлов районунун А.Огонбаев көчөсүндөгү №81 үйдүн киребериш бөлмөсүндө 15 чарчы метр жыгач шыбы, шкаф, муздаткыч күйгөн. Үйдүн ээси Г.Агафонов. Өрттүн натыйжасында түтүнгө ууланган 1962-жылы туулган аялдын жансыз денеси табылган. Өрттүн чыккан себеби такталууда.
Ал эми Ысык-Көлдөгү Ак-Суу районунун Качыбек айылында балдардын шоктугунан, ачык аянтта 400 түк чөп күйгөн.