Спортчу Антонина Шевченко чемпиондук титулун коргойт

Спортчу Антонина Шевченко 3-мартта Америкада "Lion Fight" версиясы боюнча Дүйнө чемпиондугун коргоо үчүн кезектеги беттешке чыгат. Анда тай бокс боюнча 61,2 килограмм салмакта беттеш өтөт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар кабарлайт.

Белгилүү болгондой, кыргыз спортчусунун атаандашы катары Голландиялык Алиди Лавант саналган. Бирок ал жаракатынан улам бул беттешке чыга албайт. Анын ордуна Франциянын спортчусу Магали Форони чыгары күтүлүүдө.

Эске салсак, Антонина Шевченко аталган чемпиондук наамды 2016-жылы 8-июлда утуп алган. Ал белгилүү спортчу Валентина Шевченконун бир тууган эжеси.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ulchana
2017-02-28 12:35:29
Ийгилик!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан