Бишкекте ат спорту боюнча турнир өттү

24-26-февралдарда Республикалык олимпиадалык резервдеги жаш балдар мектебинин базасында ат спорту жана беш түрлүү көнүгүүлөрдөн турган спорттук мелдеш боюнча Бишкектин ачык чемпиондугу өттү.

Ачык чемпиондукка Орусиядан жана Кыргыз өлкөсүнөн 30дан ашуун спортчу катышкан. Жыйынтыгында 135 сантиметр бийиктикке жеткен "жогорулаган татаалдык" сынагында 1-орунду орусиялык Наталья Шипова (аты Элуна), 2-орунду Камиль Сабитов (аты Гранд-Элита), 3-орунду Сабина Дадабаева (аты Чаривари) алып кетти.

110 сантиметрге чейинки "жогорулаган татаалдык" сынагында:

1. Данияр Болотбеков (аты Горизонт);
2. Камиль Сабитов (аты Жина);
3. Мария Зимина (аты Гудзон).

135 сантиметр бийиктикке чейин "чечүүчү гид" сынагында:

1. Камиль Сабитов (аты Флай Эвей);
2. Садыр Мамытов (аты Квинтедро);
3. Ринат Галимов (аты Кармен).

110 сантиметрге чейинки "Секириктер" сынагында:

1. Камиль Сабитов (аты Фигаро);
2. Дениз Есенгельдиева (аты Горизонт);
3. Кристина Нищук (аты Санта)

140 сантиметрге чейинки "Гран-При" сынагында:

1. Ринат Галимов (аты Дукто-М);
2. Ринат Галимов (аты Леди Саншайн);
3. Садыр Мамытов (аты Квинтендро).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан